Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялдын жардам сурап кыйкырган үнүн укмаксан болгон маичи жаңы кызматка турду

Чуулгандуу видеонун дагы бир «эргулу» ички иштер органынан өзү бошонуп кетип калды

Айнеги караңгылатылган машинадан жардам жардам сурап кыйкырган аялды көрмөксөн болуп койгон Бишкектин маичиси жаңы кызматка турду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы бавшкармалыгындагылардын Vesti.kg сайтына айтып бергенине караганда, машинанын эшигин ачканда салондогу кызды көргөн Бишкек ИИМБ боюнча ЖКККББ инспектору Б.А. башка жаңы кызмат алды. Бирок, мурунку кызматынан төмөндөтүлдү.

- ИИМ ички иликтөө кызматынын корутундусуна ылайык, аны кызматынан төмөндөтүп Чүй облусунун ЖККК райондук бөлүмүнүн кичи инспектору кылып дайындашты, - деп такташты милициядан. Мурда ал Бишкектин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгында кичи инспектор болчу.

Экинчи инспектор, видеодо «Мерседестин» айдоочусунун документтерин текшерген кызматкер болсо өз каалоосу менен ички иштер органынан кетип калды.
- Ички кызматтык иликтөө аяктаган соң, ал рапортжазып, бошонуп кетти, - деп жооп беришти ЖКККМБ.

Эске салсак, окуя 2018-жылы бештин айында болгон. БишкекИИМ боюнча ЖКККБ инспекторлору айнеги караңгылатылган «Мерседести» токтотушту. Айдоочу менен сүйлөшүп жаткан учурунда салондон ыкаан аялдын жардам сураган үнүн укмаксан болуп коюшкан.

Бул окуянын видеосу коомчулукта чуу чыгарды. Кызматкерлер ээлеген кызматтарынан четтетилишкен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх