Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада Орто Азиядан барган сойку сутенёршасы менен мушташып кетти (видео)

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги мушташкандар Кыргызстандын жарандарыбы же башкабы азырынча билбейт

Орусиянын полициясы Москванын түндүк-чыгышында интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананы таап алышты. Бул тууралуу орусиялык ЖМК билдирет.

Тартип сакчылары келген учурда эки сойку өз иштери менен алек болчу, алдардын чоңу болсо кирешени эсептеп жаткан. Тар жерде 28-35 жаш аралыгындагы кыз-келиндер өз кардарларын кабыл алышат экен. бул сойкукананы 35 жаштагы келгин аял ачыптыр.

Орто Азиядан келген аялдар жумуш кийимдерин кадимки кийимдерине алмаштырышкан соң, алар менен сутенершанын ортосунда жаңжал чыкты. РВ ИИМ кызматкерлеринин божомолдогонуна караганда, алардын урушу акча талашуудан чыккан.

Аялдар полиция кызматкерлеринин көзүнчө мушташышкан. Бирок аларды бат эле ажыратып коюшту.

Сутенершаны беш жылга эркинен ажыроо күтүп турат. Ал эми сойкулар болсо эки миң рублдан айып пул төлөп өз жолдоруна түшүштү.

Социалдык тармактарда бул аялдарды Кыргызстандан Москвага барышкан деп болжошууда.

- Азырынча дайындуу бир маалымат жок бул тууралуу, - деп жооп беришти Кыргызстандын орусиядагы элчилигинен Vesti.kg сайтына. - Бир кабарын уксак, айтып коёбуз.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх