Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада 2018-жылы Дүйнө чемпионатынын убагында күйөрмандарды сүзүп кеткен таксистти боштондукка чыгарышты (аудио)

Таксист Чынгыз Анарбек уулу 10 күндөн күйүн боштондукка чыгат

Москвада 2018-жылы Дүйнө чемпионатынын убагында футбол фанаттарын сүсзүп кеткен Кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулун боштондукка чыгарышты. Бул тууралуу «Замандаш» саясий партиясынын маалымат кызматы Vesti.kg сайцтына билдирди. Алар ал жигитке материалдык жана юридикалык жардам көрсөтүшкөн.

«Кыргызстандыктардын мага берген жардамынын жана кудайдан тиленүүсүнүн арты менен, бүгүн Смоленск облустук соту мени актады. Бошогондон кийин 10 күн бул жерде болушум керек экен, башкача айтканда бирдин айынын он тогузунда боштондукка чыгам», - деп комментарий берди Анарбек уулу.



Эске салсак, 2018-жылы тогуздун айында Москванын Тверь соту Чыңгыз Анарбек уулун 1,5 жылга эркинен ажыраткан жана үч жылга чейин транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыраган.

«Замандаш» партиясынан камакта болгон учурунда - СИЗОдогу бир күнү эки күн деп эсептелип, биздин мекендешибиз жазасын толугу менен өтөп бүттү деп эсептөөгө болот деп билдиришти.

- Мажбурлап иштетүүнүн убагы бүттү, ал толугу менен акталды, -деп түшүндүрүштү Vesti.kg сайтына.

Жол кырсыгы 2018-жылы кулжа айында Москвада. Чынгыз Анарбек уулутаксинин ролунда отуруп башкара албай калып, футбол фанаттарын сүзүп кеткен.
Ал быйылкы жылдын баш оона айынын он алтысына чейин камакка алынган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх