Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмоктогу атышуу: Чегарачылар маалыматты алтургай жетекчилигинен да жашырып коюшкан

МЧК кызматкерлеринин аракеттерине тийешелүү материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп жана прокуратурага өткөрүлүп берилди

Токмоктогу аткезчилердин атышуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматкерлерин да жазалашы мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, жаңжал «Токмок-автожол» өткөрмө көзөмөл пунктуна жакын жерде болгон. Болгон окуя тууралуу чегарачылар билишкен, бирок бул фактты жашырып коюшкан. Андан сырткары, МЧК кызматкерлери болгон маалыматты жетекчиликке жеткирген эмес.

ИИМ ушуга байланыштуу материалдар өзунчө өндүрүшкө бөлүнүп, юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилгендигин маалымдады.

Эске салсак, мурда КР МЧК маалымат кызматы «Токмок-автожол» өткөрмө көзөмөл пункту жайгашкан Юнус Дунларов атындагы көпүрөдө эч кандай атышуу болгон эмес деп ынандырган болчу.
Аткезчилердин ортосундагы жаңжал быйыл үчтүн айынын жыйырма бешинде болгон.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх