Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки күн аялынын өлүгү менен кошо жашаган. Ошто аялын күйөөсү 500 сом үчүн өлтүргөн (сүрөт)

Жаран тумоолоп калгандыктан аялынын өлгөндүгү тууралуу милицияга билдирбегендигин түшүндүрүп берди

Кыргызстандын түштүгүндө күйөөсү аялын өлтүрүп жана эки күн бою кылмышты жашырган. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБ маалымат кызматы билдирет.
Белгилүү болгондой, эрди катындын жаңжалы 500 сомдун айынан болгон.

- Быйыл бирдин айынын он тогузунда 1973-жылы туулган Э.А. аттуу жаран аялын сабап өлтүргөн, - деп маалымдайт милиция. - Жаңжалга 1984-жылы туулган М.Г. аттуу жаран апасынан 500 сом алып, аны күйөөсүнө айтпай коротуп жибергендиги себеп болгон.

Алган жараатынан улам ал аял диванда жатып каза болуп калган. М.Г. өлүмү тууралуу кармалган кишинин туугандары бирдин айынын жыйырма биринде билдиришкен.

- Кылмышка шектүү тергөөнүн жүрүшүндө эки күн бою аялынын өлгөндүгүн билдирбегендигин айтты, анткени ал тумоолоп калган экен, - деп кошумчалады түштүк борбордун ИИБ.

Соттун токтому менен шектүү эки айга тергөө абагына киргизилди. Сотко чейинки өндуруш жүрүп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх