Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин спикеринин премьерге жазган толтура каталары бар каты элге жарыя болду (сүрөт)

Жогорку Кеңештегилер документтин түп нускасын аныктап жатышат

Жогорку Кеңеште спикер Дастан Жумабеков премьер-министрдин атына орфографиялык каталар менен жазган каттын туп нускасын аныктап жатат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына парламенттин маалымат кызматы билдирди.

- Биз азыр өкмөткө документтин түп нускасын бергиле деп суроо жөнөттүк, - дешти Жогорку Кеңештегилер. - Баарын текшерели деп жатабыз. Спикер бул катты озу жазбайт да. Бул нерсе документтин мазмунунан көз каранды болот. Бул маселе менен алектенген комитеттин адамдары ага катты жазганга жардам берет. Биз азыр бул каттын чын экендигин аныкташыбыз керек.

Түшүндуро кетели, кечээ фейсбук социалдык тармагында Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков жазган деген кат таркалды. Ал кат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонгон экен. Автор өтө одоно орфографиялык каталарды кетирип жазган. Мисалы, алтургай «премьер-министр» деген сөздү да ката менен жазган.

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх