Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы түрк окуу жайларына текшерүү башталды. Эки комиссия түзүлдү

«Себаттын» бүтүрүүчүлөрүнүн сабоо жана кордоо тууралуу арызы жана түрк мектебинин директорунун ыдык көрсөткөндүгү тууралуу мааламаты изилденет

Кыргызстандын түрк билим берүү мекемелеринде окуучулардын үстүнөн жасалган кордук тууралуу маалымат пайда болгондугуна байланыштуу текшерүү башталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына илим жана билим берүү Министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда эки комиссия түзүлдү. Алар «Себат» лицейлерин жана Бишкектеги түрк мектебин текшеришет, - деп маалымдады билим берүү Министрлигинен.

Түрк мектебинин директору ыдык көрсөткөн тогуз жашар баланын апасы жазган арыз иликтенээрин билдиришти.

Ошондой эле «Себат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү социалдык тармактарда айтып беришкен окуу жайдагы зордук зомбулук да изилденет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх