Бишкектин ресторанынан кооздолгон чымчыкты бир аял уурдап кетти
Жетекчилик эмеректи уурдаган колу туткак аялды издеп жатат
Белгисиз бир аял Frunze ресторанынын холлун кооздоп турган кооздолгон чымчыктарды уурдап кеткен. Видео Instagram социалдык тармагында жайылган.
Ресторандын администрация өкүлдөрүнүн сөздөрүнө караганда, бул көрүнүш алар үчүн жат, анткени бул мекемедегилер келген кишилерге толук ишенишет.
Frunze ресторанынын администрациясы белгилегендей, мурда администрация келген коноктордун жүрүм турумуна көз салчу эмес. Бирок бул окуядан кийин камерадагы жазууну карап чыгууга мажбур болушкан.
Ресторандын администрациясы ал аялды издеп жатат жана кимде ким аны видеодон таанып калса айтын коюуну суранат.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз