Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршруткада жаңжал салган аял милиционер болуп чыкты

Чүй облустук ИИМБ адегенде айдоочу алардын кесиптешинин колунан тартканда, ал жыгылып түшкөндүгүн белгилешти. Милиция аял ошондон кийин гана кыйкыра баштаган

№175 машрутканын ичинде чуу салган аял Чүй облустук ИИМБ кызматкери болуп чыкты. Ал жол эрежесин бузуудан баш тарткан айдоочу менен урушуп кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ички иштер Башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

- Ал Чүй облустук ИИМБ кызматкери, - деп маалымдады мекемеден. - Учурда бул факт боюнча ички кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Биз ал кыздын жеке өзү менен байланыштык. Анын сөзү боюнча, социалдык тармактагылар окуянын экинчи гана бөлүгүн чыгарышкан. Көрсө, маршрутканын айдоочусу аны колунан кармап тартканда, ал жыгылып түшкөн. Ал коркуп кеткен абалда ошондой сөздөр оозунан чыгып кеткен. Башкача айтканда айдоочунун мамилесине нааразычылык билдирген.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты мыйзамды сыйлаган №175 маршрутканын айдоочусун Бишкектин тургуну аяба сөгүп салгандыгы тууралуу окуяны чыгарган болчу. Айдоочу мүмкүн болбогон жерге токтоодон баш тарткандыгы үчүн жүргүнчү аял аны сөгүп жиберген.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх