Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда улакчы тай казанга урунуп көз жумду

Медиктер спортчу аман калбай турган жаракат алгандыгын билдиришти

Кыргызстандын түштүгүндө көк бөрүнүн оюнчусу мелдеш учурунда тай казанга урунуп көз жумду.Бул туурасында Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Медиктердин маалыматы боюнча, 28 жаштагы Авазбек Майрамбек уулу быйыл бирдин айынын жыйырма жетисинде Ош облустук ооруканага түшкөн.
- Ал тай казанга урунуп, аман калбай турган жаракат алган, - деп маалымдашты саламатык сактоо Министрлиги. - Ал ооруканага оор абалда эс учун билбей келип түштү. Кечээ операциялык столдо көз жумду.

Мурда Астанада Бүткүлдүйнөлүк көк бөрү Бирикмесинин чогулушунда мелдешти тай казансыз өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган болчу. Бирок биздин спортчуларыбыз каршы чыгышкан болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх