Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адилет министринин орун басары 7 катасы бар катка кол коюп койгон (Сүрөт)

Максатбек Эсеналиев бүгүн даректелген кишиге оңдолгон коштоочу катты жөнөтөм деп билдирди

Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары Максатбек Эсеналиев өкмөттүн жыйынына шашып жатып 7 катасы менен жазылган катка кол коюп салган. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде өзү айтып берди.

- Кат түп нускалуу, - дежди ал. - Мен анда өкмөттүн чогулушуна шашып жаткан болчумун жана шашып тез кол коюп салыптырмын. Бизде кат жазуучу бөлүмдүн кызматкерлери бар. Мага күндө почтама оптөгөн каттар келет, ар бирине өзүм жооп жазып үлгурбөйм. Бул теманыв козгоонун кажети жок. Мен катамды мойнума алам. Мен азыр кайрадан Бусурманкуловго коштоочу кат жазам да жөнөтөм.

Түшүндүрө кетели, фесбук социалдык тармагында адилет министринин орун басары Максатбек Эсеналиев жазган деген кат жарыя болгон. Кат автор тарабынан 7 орфографиялык ката менен жазылган.

Эске сала кетели, кечээ эле тармакта спикер Дастан Жумабековдун орфографиялык ката менен премьер-министрдин атына жазылган каты шардана болгон эле. Документтин түп нуска экендиги аныкталды.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх