Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туркияга иштейм деп кеткен кыргызстандык кыз дайынсыз жоголду (фото)

Мейманканада кызматкер болуп иштеген Миргүлдүн туугандары менен байланышпай калганына үч айдын жүзү болду

Кыргызстандык кыз Миргүл Токтомаматова, Туркияга иштеп келгени кеткен бойдон, узак убакыттан бери үйүндөгүлөр менен байланышпайт. Жыйырма эки жаштагы кыздын жоголгондугу тууралуу Vesti.kg сайтына анын апасы билдирди.

Ал аялдын айтуусу боюнча, Миргүл Измирге 2018-жылы башоонада кеткен.

- Ал беш жылдыздуу мейманканада иштеп жатам деп айткан, - дейт ал. Биз акыркы жолу 2018-жылы бештин айынын биринде сүйлөшкөнбүз. Анан ал жоголуп кетти.

Ал Миргүлдүн Кыргызстанда эки жаш баласы бар экендигин кошумчалады.

- Аны тогузунчу класста окуп жатканда ала качып кетишкен. Бир канча убакыт жашаган соң алар ажырашып кетишти, ал эми балдары болсо мени менен калды, - дейт жоголгон кыздын апасы.

Аял кызынын дарегин билгендер болсо 0702 46 81 41 телефонуна чалып коюусун суранат.

Кыргызстандын тышкы иштер Министрлигинде бул маалыматтын текшерилип жаткандыгын Vesti.kg сайтына билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх