Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзүнүн сүйлөшкөн кызын досу экөөлөп зордуктаган Казакстандын жараны Кыргызстандан кармалды

Зөөкүрлөр кылган иштерин камерага тартып алышкан. Жабырлануучу үчүнчү кабаттан секирип жиберген

Кыргызстанда Шокан Абылкасымов деген Казакстандын жараны кармалды, ал оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү кечээ ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн айылынын аймагынан кармалды.

Шокан Абылкасымов 2017-жылы кулжа айында өзүнүн сүйлөшүп жургөн кызын ашар кылып зордуктоону көздөгөндүгү белгилүү болду.

Ал кызды жарашуу үчүн конокко чакырып, анан досу экөөлөп зордуктаган.

Андан сырткары, зөөкүрлөр кылган иштерин камерага тартып алышкан жана аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Видеоматериал социалдык тармактарга таркап кеткен.

Кордукка чыдабаган 26 жаштагы кыз үчүнчү кабаттан терезе аркылуу секирип жиберген.

2018-жылы үчтүн айында зөөкүрлөрдүн бирөөсүнө сот он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Абылкасымовдун Кыргызстандын аймагында жүргөндүгү тууралуу мурда фейсбук социалдык тармактын колдонуучусу Dina Tansari билдирген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх