Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин кызы атасы жазган катты эки жылдан соң алды (сүрөт)

Камактагы саясатчынын жактоочусу ал катты кызына кайрылуу кылып жолдоду

Айданек Текебаева эки жыл өткөндөн кийин атасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин катын алды. Бул тууралуу фейсбук социалдык тармагындагы өз баракчасына камактагы саясатчынын жактоочусу Искен Афиджанов жазып чыкты.

Өмурбек Текебаев кызына жазган катында баары жакшы боло тургандыгын жана анын жакшы окуусун айткан. Ошону менен бирге экс-депутат кызынан иниси менен бат бат сүйлөшүп туруусун, кыргызчаны үйрөнүшүн суранган. Азыркы учурда Айданек Пекин университетиндеги окуусун аяктады.

Жактоочу Афиджанов кат жазылгандан бери эки жыл өткөндүгүн белгиледи. Айданек болсо ал катты бүгүн гана ала алды.

«Кат жазылгандан бери эки жыл өттү!

Бул убакыттын ичинде саясий камактагы оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданек университеттеги окуусун бүтүрдү! Бирок атасынын жанында болуп, көзмө көз сүйлөшүүгө ага мүмкүнчүлүк болбой жатат! Анткени ал дагы эле жалган жалаа менен камалып жатат!

Өкүнүчтүү...

P.S. Тилекке каршы ошол кезде мен бул катты Айданектин Кытайга окууга кетип калгандыгына байланыштуу бере албай калгам!

Аны бүгүн гана тапшырып жатам, бирок менин оюмча бул кат бүгүн да өз күчүнжоготкон жок!» - деп жазат Афиджанов.
(орфография жана пунктуация ошол бойдон берилди).

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх