Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин тургуну Бишкек шаар кеңешинин төрагасынан аялдардын күнүнө карата куттуктоо алды (фото)

Шаар кеңешинде эмне үчүн эркек кишиге куттуктоо кетип калгандыгына түшүндүрмө беришти

Бишкек шаар кеңешинин төрагасы кызматкерлери мекеменин төрагасынын атынан ордо калаанын тургуну Жаныбек Абировго куттуктоо жөнөтүшкөн.

Аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктоо учурунда адашуу болду. Куттуктоо катын эркек адам алды, атап айтканда саламаттык сактоо Министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү Айбар Султангазиев.

Бишкек шаар кеңешинин башчысы кол койгон куттуктоо катынын сүрөтүн Айбар Турдубаевич фейсбук социалдык тармагында жарыя кылды.

Бишкек шаар кеңешинин төрагасынын жардамчысы Айбек Ашимов ал ортодо Vesti.kg сайтына бул туурасында түшүндүрмө берди.

- Баары болуп 10 миң куттуктоо каты даярдалган, - деп белгиледи ал. - Тургундардын тизмесин акимияттар даярдашты. Менимче, анын аты адашып кирип калган тизмеге. Куттуктоо каттарын кол менен жазып толтурушкан, 20 киши иштеген ал жерде. Менин оюмча кимдир бирөө жаңылган болуу керек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх