Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл РИИБ начальниги пансионаттан коттедж сатып алганбы? Кызматтык иликтөө башталды

Такталбаган маалыматтар боюнча, полковник Нургазы Увалиев алтургай ошол үйүндө жашайт

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Ысык-Көл ИИБ начальниги Нургазы Увалиевдин «Симирам» пансионатынан коттедж сатып алгандыгы тууралуу маалымат пайда болду. Ал ошол сатып алган коттеджде жашап жатат. Ошону менен бирге эле бул пансионаттына Мамэкотехинспекциянын талабына жооп бербей тургандыгы билдирилет.

Ал арада Vesti.kg сайты Ысык-Көл ИИБ кайрылып жогорудагы маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

- Чындап эле Нургазы Увалиев Ысык-Көл РИИБ начальниги, - деп ырасташты мекемедегилер. - Полковник Увалиевдин «Симирам» пансионатынан коттедж сатып алгандыгы тууралуу маалыматтар мурда деле ЖМК чыгып жүргөн. Ушул себептен ИИМ ички кызматтык иликтөө кызматкерлери Ысык-Көл облусу боюнча текшерүүү жүргүзүшүп, аныгына чыгышат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх