Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүздүрүп кеткен айдоочуга санкция кабыл алышты

Жабырлануучу мурда милиция анын арызын кабыл албай жаткандыгына арызданган

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен маршруттук таксинин айдоочусуна карата эч жакка чыкпоо тууралуу бөгөт чарасын көрүштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ маалымат кызматы билдирди.

- Санкцияны Свердлов райондук соту жалган курандын жыйырмасында кабыл алды, - деп маалымдашат андагылар. - Бул факт Бирдиктүү жоруктар реестрине катталды, сотко чейинки териштирүүлөр болуп жатат.

Ал автомобиль менен сүздүрүү быйыл бирдин айынын он алтысында эртең мененки саат 5:00 Лариса Константиновна көчө шыпырып жатканда болгон.

Ал аялга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев барган. Ал депутатка ордо калаанын милициясы анын арызын албай жаткандыгын айткан. Бул тууралуу эл өкүлү Instagram өз баракчасына мурда жазып чыккан.

Жол кырсыгынын күнөөкөрүнө көрүлгөн бөгөт коюу чарасы анын чыгарылышынан кийин болгон.

Андан сырткары, «Тазалыктын» кызматкери анын дарысына маршрутканын айдоочусу төлөп жаткандыгын, бирок ал дагы акча өндүргөнү жаткандыгын айткан. Анткени аны маршрутка сүзүп кетпегенде ал иштеп дагы акча тапмак экен.

«Лариса Константиновна операция болду. Ал аялдын карамагында 4 небереси бар, ал каза болгон кызынын балдары», - деп билдирет Бекешев.

Чыгарылышта «Тазалыктын» кызматкерине айдоочу күнөөкөр 100 миң сом сунуштагандыгы көрсөтүлгөн. Анткени менен жабырланган аялдын үй бүлөсү Лариса Константиновна керебетке жатып калбаганда 300 миң сом табат болчу деп эсептеген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх