Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир үй бүлө «Куликовский» тортун жеп, ууланып калышты (сүрөт)

Компаниянын өзүндө бул окуяга комментарий беришти жана текшерүү башталды

Бишкекте бир үй бүлө туулган күнгө сатып алышкан «Куликовский» тортун жеп, ууланып калышты. Окуя тууралуу фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Эрмек Субанбеков билдирди.

«Торт жалган курандын жыйырма жетисинде сатылып алынган. Бардыгы Бишкектин тез жардамында катталган», - деп жазат ал.

Vesti.kg сайты комментарий үчүн «Куликовский» кондитердик үйүнүн маркетинг боюнча директору Олеся Кущенковага кайрылды. Компаниядагылар бишкектик жазган арыз фактысы боюнча текшерүүнү башташты.

- Кардар компанияга Тармак аркылуу арыз менен кайрылган, бирок биз аны менен байланыштык, - деп түшүндүрөт Кущенкова. - Бизде белгилүү бир процедура бар, биз ошого ылайык түшкөн арыздарды иштеп чыгабыз.

Иликтөө жүргүзүү үчүн толугураак маалымат керек: эмненин сатылып алгандыгы, качан жана кандай белгилери болгон дегендей.

Учурда компания Субанбеков деген жарандан тийешелүү маалыматтарды күтүп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх