Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Электр станциялары» ААК башчысынын аялы күйөөсүнүн өлүмүнө Мамакеев атындагы УХБ дарыгерлерин күнөөлөдү

Каза болгон атка минердин үй бүлөсү Аскар Эшимбековду карап жаткан дарыгерлердин шалакылыгы тууралуу билдиришти. Ооруканадагылар болсо адис баарын так жасаган дешет

«Электр станциялары» ААК башчысы Аскар Эшимбековдун каза болуп калышына М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгерлерин айыптап жатышат. Vesti.kg сайтынын редакциясына маркумдун аялы Фатима Эшимбекова кайрылды. Ал дарыгерлердин шалакылыгы тууралуу айтып берди.

- Күйөөм ооруканага жалган курандын он бешинде сокур ичегиси ооруп түшкөн түшкөн, - деп билдирджи ал. - Операциядан кийинки абалы жакшы болчу, антибиотик жана ооруну сездирбөөчү дарыларды сайышкан. Операциядан кийинки төртүнчү күнү түтүкчөсүн алышкан, ошол күнү эле жөтөл пайда болуп, аба жетишпей жаткандыгын айтты. Бул тууралуу аны операция кылган дарыгерине билдирдик. Ал боло берет, анестезиядан кийин мындай нерсе баарында болот, деп бизди тынчтандырды. Медайымдары да ошону айтышты. Ал эми бөлүм башчысы Болот Иманов болсо мукалтин жазып берди.

Фатима Эшимбекова күйөөсү Аскар Эшимбековдун дарыгерлердин айтканын угуп аткаргандыгын айтат. Анткени менен медиктер оорулуунун арызына тийиштүү көңүл бурбай койгон.

- Мукалтинди ичкен соң бир аз жеңилдешип калгандыгын айтты, - дейт ал. - Жалган курандын он тогузунда кечкурун медайымдар оорунусездирбөөчү дары сайууну сунушташкан, ал макул болуптур. Жыйырмасы күнү эртең менен күйөөм уйкудан туруп, жакшы уктагандыгын айтты. Андан соң жуунгусу келди окшойт. Сакалын алып, анан 15 мүнөттөн соң өзүн начар сезип жаткандыгын айтты.

Эшимбекованын сөзү боюнча, палатага медайым жана бөлүм башчы дарыгер келген. Дарыгер шалакы маиле кылган, алтургай арабага салып жатканда да шалакы мамиле кылган.

- Ка басымы 100/70 чейин түшүп кеткен, ал кубара баштады жана көдөрү өчүп баратты, - дейт аял. - Дарыгер арабаны сурады, аны салып жатканда жулкуп алды. Күйөөм ошол кезде жаздык сурады. Мен андан кийин күйөөмдү көрбөй калдым. Ал катуу инфаркт болуп калды.

Жандандыруу бөлүмүнүн алдында турган «Электр станциялары» ААК башчысынын аялын дарыгерлер жубатышып, кардиологду күтүп жатышкандарын айтышкан.

- Мага анын аппаратка кошулгандыгын жана кардиологду күтүп жатышкандыгын айтышты, көрсө, күйөөм ошондо эле каза болуп калган экен, - дейт Эшимбекова. - Дарыгерлердин шалакылыгынан менин күйөөм каза болуп калды деп ИИМ, Башпрокуратура, саламаттык сактоо Министрлиги жана УКМК арыз жаздым. Ошондой эле президенттин, Жогорку Кеңештин спикеринин жана премьер-министрдин атына кайрылуу жаздым.

Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгеринин орун басары Таалай Акматов Фатима Эшимбекованын арызына комментарий берди. Анын айтымында, медиктер тарабынан баары так болгон.
- Биз, албетте, туура түшүнөбүз, ал оор сокур ичеги болду, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Беш күн болгон, алар ыраазы эле болуп жатышкан. Бирок эртең менен инфаркт болуп калды. Биз тараптан болчу жардамдын баары көрсөтүлдү. Мукалтин тууралуу айта турган болсок, ал демейде операциядан кийин какырыкты чыгаруу үчүн берилет. Аялы дайыма жанында болду, дарыгерлер күндо көзөмөлгө алып турушкан.

Акматов сөзүнүн аягында атка минердин аялынын арызынын фактысы боюнча текшерүү болоорун кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх