Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ «Электр станциялары» ААК башчысынын өлүмү фактысы боюнча текшерүү ишин баштады

Аскар Эшимбековдун каралуу аялы бүгүн тергөөчү менен жоолуккандыгын айтты

Ооруканада каза болгон «Электр станциялары» ААК башчысы Аскар Эшимбековдун аялы, Фатима Эшимбекова М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия бөлүмүнүн дарыгерлеринин шалакылык фактысы тууралуу ИИМ арыз жазды. Бул туурасында ал өзү Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Бүгүн мени тергөөчү кабыл алды, мен арыз жаздым, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондой эле мен мурда кайрылуу жасаган УКМК менен Башпрокуратурадан жооп алдым. Алар жиберген катта текшерүү жүргүзөбүз деген жооп бар.

Эшимбекова мурда Vesti.kg сайтына тийешелүү катты саламаттык сактоо Министрлигине да жазгандыгын билдирген болчу, бирок текшерүү башталдыбы, же жокпу азырынча белгисиз.

- Саламаттык сактоо Министрлигинен жооп ала элекмин, - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Аскар Эшимбеков жалган курандын он бешинде сокур ичегиси ооруп ооруканага түшкөн, операциядан кийин жакшы боло албай жаткандыгына арызданган. Бирок, аялынын сөзүнө караганда, дарыгерлер анын ден соолугуна тийиштүү көңүл бурбай коюшкан.

Жалган курандын жыйырмасында «Электр станциялары» ААК башчысы инфарктан каза болду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх