Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык жолдун ортосуна токтоп алып апасын куттуктап жатты (видео)

Туулган күнү болгон аялды эки кара «Гелендваген» тосуп калды. Ош облусунун ИИБ жол эрежесин бузганга издөө салды

Кыргызстанда эки жигит апасынын туулган күнүн башкача куттуктайбыз деп жол эрежесин бузушту жана жол кыймылына жолто болушту.

Видеотасма кечээ Фейсбук социалдык тармагында жарыя болду. Баяндоочу окуя Ош облусунда болгондугун айтат.

Кадрда эки кара «Mercedes-Benz Gelandewagen» маркасындагы жолтандабастар көрүнөт. Алардын бири каршы тилкеге чыгып, туулган күнү болуп жаткан аялды кууп өттү.

Алар гүл берүү үчүн кымкуут болуп аткан жолго токтоп алышты, бул да жол эрежесин бузууга жатат.

 


Ал ортодо ИИМ ЖКККББ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына ал айдоочуларга карата чара колдонула тургандыгын билдирди.

- Ош облусунун ЖКККМБ кызматкерлерине ал жарандарды таап жана жоопкерчиликке тартуу тапшырылды, - деп түшүндүрдү андагылар. - Видеотасмада кош сызыкты кесип өтүп каршы тилкеге чыгуу тартылып калган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх