Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот департаментинде жасалма диплом менен иштеген кызматкерлер табылды

Алардын арасында соттун жардамчысы бар. Башпрокуратура ишке киришти

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментин текшерүү учурунда кызматкерлердин жогорку билим тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысы аныкталды.
Ошентип, Сот департаментинин 2016-жылдын аяк оона айынын бириндеги буйругу менен Г.Д. бөлүмдүн адиси болуп кызматка дайындалган, учурда ал ошол жерде иштеп жаткан. Андан да, ал жарандын алып келген дипломунда жогорку окуу жайлардын биринде академиялык магистр баскычын алгандыгы көрсөтүлгөн.
Бирок, билим берүү Министрлигинин маалыматына ылайык, ал диплом чыныгы эмес болуп чыкты.

Ушундай эле бакалавр деген жасалма дипломду пайдалануу фактысы Сот департаментинин мурдагы башкы адиси Ч.А.колдонгондугу аныкталды. Ал сот отурумунун катчысы жана соттун жардамчысы болуп 2016-2018 жылдары иштеген.

2019-жылы чын курандын он биринде Башпрокуратура тарабынан андан аркы соттук териштирүү үчүн кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды.

Башпрокуратуранын маалымат борбору

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх