Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Албетте, бул үрөй учурган окуя!». Кантта бала уурдаган маршрутчу тууралуу жетекчиси эмнелерди айтат?

Бала уурдаганга шектүү айдоочунун аялы төрөмөк

Кантта өспүрүмдү уурдаганга шектүү маршрутканын айдоочусунун кесиптештери аны токтоо жана тартиптүү деп мүнөздөштү. Vesti.kg сайты №2 маршруттук таксинин бригадири Олег Дё менен байланышканда, ал кармалган кишинин бул каттамга жакында эле киргендигин айтты.

- Володя болжол менен бизге жарым жыл мурун ишке орношкон, - деп түшүндүрдү Олег Михайлович. - Ал маал маалы менен кетип жана кайрылып келип турчу. Мен аны менен иш тууралуу да сүйлөшкөн эмесмин, дос да болгон эмесмин, ошондуктан анын башында кандай ой бар экендигин биле албайм. Бирок сыртынан токтоо, тартиптүү жигит болчу.

Маектешибиз Володянын андай кылмыш кылгандыгын укканда таң калуудан үрөйү учуп кетти.

- Мага окшогон улгайыңкы адам үчүн бул нерсе аябай жапайы көрүнүш, - деди Дё. - Албетте, биздин үрөйүбүз учту. Мен анын көйгөйү барбы же жокпу билбейм. Бирок мага анын жакында аялы төрөй тургандыгы белгилүү.

Эске салсак, кечээ Чүй облусунун ИИМБ кызматкерлери 13 жашар Данилди уурдаган адамды кармашты.

Бала тирүү, алты саны аман табылды.

Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына ылайык, кылмыш анын ата энелеринен акча талап кылуу максатында кылынган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх