Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коопсуз шаардын» камерасын талкалагысы келген милиционер кызматтан айдалды

ИИМ МАККББ кызматкерине карата кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында ушундай чечим чыкты

Ички иштер органынан милиция кызматкери бошотулду, анткени ал «Коопсуз шаардын» камерасын талкалагысы келген. Бул туурасында ИИМ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына билдирди.

- Ички кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, бул кызматкер ички иштер органынан боштулду, - деп айтышты мекемедегилер.

Эске салсак, Беш-Күңгөй айылында «Вега Оперейтинг» кмпаниясынын адиси «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камера орнотууну көздөгөн, ага эки бейтааныш эркек келип кылып жаткан ишине жолто болгон. Анан алар камераны талкалоого аракет жасашкан. Бебаштардын бири КР ИИМ МАККББ кызматкери болуп чыкты.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх