Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жергиликтүү кеңештеги КСДП депутаты сабалып, ооруканага жаткырылды

Ыманалы Сариевге кол салуунун себеби белгисиз

Жалал-Абат облусунун Кербен шаарында жергиликтүү кеңештин депутаты Ыманалы Сариевди сабап кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абат ИИБ билдиришти.

- Чын курандын жетисинде Кербен шаардык кеңешинин депутаты Ыманалы Сариев сабалды, - деп билдирди ИИБ. - Бул факт кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине чын курандын сегизинде катталды. Сотко чейинки териштирүү жана экспертиза жүрүп жатат.

Жеген таяктын кесепетинен мээси чайкалып, жергиликтүү ооруканага жаткырылды. Бул иш «Бейбаштык» беренесинин алкагында катталды. Азырынча ким жана кандай максат менен Сариевди сабап кеткендиги белгисиз. Жабырлануучунун өзү болсо комментарий үчүн жеткиликсиз.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх