Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Петрушевскийдин адвокаты: Аны кармоо бийликтин басымына байланыштуу болушу мүмкүн

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо Борборунун мурдагы директорун УКМКга күбө катары чакырышып, бирок, төрт саат өткөндөн кийин, УКЖга киргизип коюшту.

Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо Борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский кызматынан кыянаттык менен деген айып менен УКМКнын ЖТТКнын УКЖсына киргизилди. бул тууралу Vesti.kg сайтына анын адвокаты Елена Гаврилова кабарлады.

-Петрушевскийди борбордун жетекчиси абалында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап жатышат, - деп белгиледи Гаврилова. - 2017 - жылы борбордогу балага жат аял жардам бере баштаган, себеби, анын энеси туура эмес социалдык жашоо өткөрө баштаган. Мен коргоого алган адам ал аял менен жолугууга уруксат берген.

Адвокат тастыктагандай, баланы коргоого алууга документтерди даярдоо максатын айтканда, баланын туугандары пайда болушуп, баланын макулдугун албастан, алып кетишкен. Гаврилованын алдын ала маалыматтары боюнча, аны кармоо муниципалдык бийликтин басымы менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Өз кезегинде Петрушевскийдин мындайды жасаганга укугу жок болгон деп УКМК эсептейт.

Эске салсак, 2019-жылдын февралында БШКнин депутаттары Балдар жана жаштарды реабилитациялоо борборун жабууну жана анын ордуна балдар бакчасын ачууну сунушташкан. Мэриядан билдиришкендей, имарат 180 балага ылайыкташтырылган. БЖРБдагы балдарды ошондой эле болгон «Джалдагы» борборго которууну сунушташкан.

Март айында Петрушевскийди директорлук кызматынан бошотушканы маалым болгон. Анын өзү менен сүйлөшкөнүбүздө, ал аны себепсиз эле, «коррупциялык мафиянын» таасири астында экендигимди белгилешип иштен алышкандыгын билдирди. Белгилүү бир убакыттан кийин мурдагы директор менен биргеликте борбордун жетекчилигине каршы даттануу арызын жазган БЖРБнын дагы беш кызматкерин жумуштан алышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх