Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мас айдоочу күбөлүгүн көрсөттү жана пистолеттин затворун тартты (видео)

Жарыяланган видео боюнча Кыргызстандын ИИМи текшерүү жүргүзүүдө

Кыргызстанда мас айдоочу күч органдарынын кызматкеримин деп өзүн тааныштырып, күбөлүгүн көргөзгөн, андан кийин пистолетин чыгарып, затворун тарткан. Мас абалдагы айдоочунун жүрүм-турумун, бул аймакка балык уулоо үчүн  кирүүгө тыюу салынгандыгын ага түшүндүрүшкөн адамдар видеого тартып алышкан.

Видео түйүндөрдө бүгүн пайда болду.

Видеодогу балык уулоого келген адам кадрда өзүн өтө эле кыжыры кайнаган жана уятсыз түрдө алып жүргөнү көрнүүдө.

Роликтин каарманы көрсөткөн күбөлүк, анын КР Улуттук гвардиясында аскер адамы экендиги көрсөтүлгөн. Документ Тынчтыкбек Жеңиш уулуна берилген, бирок ал адам өзүн Абдрахмановмун деп тааныштырган.

КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматы Vesti.kg сайтына видеодо көрүнгөн адам Улуттук Гвардияда кызмат кылбай тургандыгын кабарлады.

- Мүмкүн, анын колунда башка бирөөнүн күбөлүгү болгондур, бирок, бул адам Улуттук Гвардияда кызмат өтөбөйт, - деп ишендиришти ал жактан.

Ал арада ИИМнен Vesti.kg сайтына жарыяланган видеону изилдеп жатышкандыгын кабарлашты.

- Азыркы учурда аталган видео боюнча текшерүү жүрүп жатат, - деп аталган мекеменин маалымат кызматынан комментарийлешти.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх