Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте БУМ жанында Нигериялык жигитти кыргызстандык эмнеге уруп жибергендиги аныкталды

Кармалган адамдын айтымында, чет өлкөлүк андан өзүн телефонго тартпашын суранган жана сөгүнгөн сөздөрдү айткан

Кечээ жакында «БУМ» борбордук соода борборунун жанында таяк жеп, бүгүн түндөсү Нигериянын жараны Тижжани Али Абубакир каза тапкан. Жабыркаган адам болгон окуядан кийин комага түшкөн. 

Бул резонанстуу окуянын майда - чүйдөсү тууралу бүгүн белгилүү болду.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кылмышка шектүү К.Э. 2-июлда «Чынар» БУМ соода борборунун жанында өзүмдүн досторум менен социалдык түйүндө түз эфирде сүйлөшуп жатканмын деп түшүндүрдү, - дейт өзүнүн Фейсбук түйүнүндөгү баракчасында ИИМнин маалымат кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова. - Телефондон сүйлөшуп жатканда ага чет элдик жаран келип, аны телефонго тартпашын айткан. Ага К.Э.:  «Мен сизди телефонго тартканым жок» деп жооп берген. Андан кийин Т.А. сөгүнгөн сөздөрдү айта баштаган. Андан ары кайым айтышуу «БУМ» соода борборуна чейинки жолго карай уланган, ал жерде К.Э. өзүнү кемсинткен сөздөргө чыдабай Т.А. бетине колу менен чапкан, андан ал кежигеси менен жерге кулаган». 

Азыркы убакта КР КК 138 - беренесинин 1-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштун алкагында тергөө амалдары улантылууда. 

 

Фото www

 

 

 

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх