Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Назарбаевдин небереси  өз жанын кыйганга аракеттенди жана Лондондо полицейскийди тиштеп алды 

Айсултан Назарбаев ушул окуядан бир канча күн мурда терезеден секиремин деп коркуткан 

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин  небереси Айсултан Назарбаев Лондондогу мейманкана номеринде өз жанын кыйганга аракет жасаган. Бул тууралу Court News кабарлаган. 

28 жаштагы  эркек окуя болгонго чейин эки күн мурда терезеден секиремин деп коркуткан, мейманканага полицейский Росс Самбрукту жөнөтүшкөн. 5-июнь күнү ал баары бир өз оюн ишке ашырамын деп чечкенде, тартип сакчысы өз милдетин аткарып, ага жолтоо болгон, анысы үчүн ал өзүн тиштетип алган. 

Айсултан Назарбаев — Казакстандын Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаеванын жана австриялык түрмөдө асынып алган Рахат Алиевдин уулу. Рахат Алиевди адамдарды уурдаган деп айыпташкан, ал эми өзү болсо, ишти саясий мотивдешкен - аны куугунтуктоонун чыныгы себептери анын кайнатасынын дарегине Алиев тарабынан айтылган сын - пикирлер болгон дейт. Андан башка дагы бир версия бар, анын каршылыксыз качып кетиши үчүн, өз жанын кыйгандыгын ойлоп чыгарышкан - деген. Австриялык бийликтегилер кылмыш ишин жаап коюшкан.

Айсултан Назарбаев «Сандхерст»  британ Падышалык аскер академиясын бүтүргөн жана Казакстандын аскер чалгынында кызмат кылган. Жаш кезинде футбол ойноп, жана кайсы бир убакыт ичинде Казак Республикасынын футбол федерациясынын вице - президенти да болгон.

Үй - бүлөлүү, «КазРосГаз» АКнун мурдагы башчысы Кайрат Боромбаевдин кызы Алимага үйлөнгөн, азыр алардын кызы бар. 

2017-жылдын сентябрында Назарбаев атасынын жана чоң атасынын (академик Мухтар Алиев)  өлүмүнөн кийин наркотикке берилип кеткендигин мойнуна алган.

Булак

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх