Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык Көлдө жергиликтүү эл россиялык эс алуучунун кол баштыгын таап алышып, милицияга өткөрүп беришкен (видео)

РФ келген турист ага жоголгон документтери менен акчасын алып келип бергенде таң калган 

Балыкчы шаардык  ички иштер бөлүмүнө 5-июлда Россия Федерациясынын Белгород облусунун Новый Оскол шаарынын  тургуну Вячеслав Андреев кайрылган. Ал 13:30 саат чамаларында Ысык-Көл районунун Тамчы айылына эс алууга бара жатып, Боом капчыгайындагы «Кызыл көпүрөнүн» тегерегиндеги жолдо кол баштыгын жоготкондугун кабарлаган. Арыз берген адам кол баштыгында паспорту, айдоочулук күбөлүгү, автомашинасынын тхникалык паспорту жана 20 миң рубль, 15 миң тенге, 16 миң сом болгондугун көрсөткөн. 

40 мүнөттөн кийин ал кол баштыгы жоголгон жерге келген, бирок, кол баштык табылган эмес. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жоголгон буюмду жергиликтүү жашоочулар табышып, ичиндегилерге тийишпестен, Тоң райондук ИИБ алып келишкен. Жоголгон буюмду ээсине тапшыруу үчүн милиция кызматкерлери Тамчы айылына келишкенде, ал адамды таппай калышкан. Кийин билингендей, ал Чолпон -Ата шаарындагы пансионаттардын биринде эс алууну улантууга кетип калган.

Аталган факт боюнча, жайкы туристик мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган бардык милиция кызматкерлери кабарландырылган. Бир күндөн кийин Чолпон-Атада Россиялык туристин жайгашкан жерин такташканда, турист милиция кызматкерлеринин ушундай тездик менен жасалган аракеттерине аябай таң калгандыгын билдирген. 

Ысык - Көл облусунун ИИБ маалымат кызматы области

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх