Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жениш Молдокматов: Екатеринбургда өлтүрүлгөн кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы криминал менен башланышта болгон эмес 

Камчыбек Каримов, тескерисинче, мекендештерибизге бандиттер менен күрөшүүдө жардам берип жүргөн

Екатеринбургда 3-июлда кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы Камчыбек Каримовду өлтүрүп кетишкен. Россиялык ЖМКнын билдирүүлөрү боюнча, аны үйүнүн жанында эки жолу атып өлтүрүшкөн. Каримов ошол жерде каза тапкан. Анын «Таганский ряд» базарында соода кылып, өзүнүн бизнеси болгону белгилүү.

Ал арада Түйүндүн кээ бир колдонуучулары Каримов криминал менен байланышта болуп, анын аркасынан өлтүрүлгөн деген божомолдорду айтышкан. 

Vesti.kg сайты чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз менен тыгыз байланышта иштеген «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовго кайрылган.  

- Камчыбек 20 жылдан ашуун миграцияда иштеген, Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын жетектеген, - деди Молдокматов. - Бул шаарда өтө көп кыргыздар жашашат. Каримов чынчыл жана эмгекчил инсан болгон. Анын криминал менен байланышы такыр болгон эмес. Тескерисинче, биздин мекендештерге аны менен күрөшүүдө жардам көрсөтүп жүргөн. Кээ бир учурда өзүбүздүн эле криминал менен байланышта болуп жүргөн жарандар, Кыргызстандан барышып, Россияда иштеген өзүбүздүн мекендештерибизди «жүктөшүп» жүргөн учурлары кездешкен. Мындай абалга тушуккан жердештерибизге Камчыбек жардам берген. Ал жергиликтүү бийлик менен таза иштешкен. Өлтүрүүнүн криминалга байланышы болгон эмес. Бул карактоо болгон. Иликтөөлөр жүрүп жатат. Аталган иш боюнча азыр бирдемелерди айтуу али эрте. 

Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх