Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандык Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө 2 млн сомдук парфюмерияны алып кетүүгө аракет жасаган 

Кыргызстандык чек арачылар чек ара тартибин бузган адамды кармашып, ЭКККМКтын кызматкерлерине өткөрүп беришкен 

«Чалдыбар-автодорожный» чек ара өткөрүү пунктунда 7-июлда 2 миллион сомдон ашык мыйзамсыз алынып бара жаткан жүк кармалган. 

Пунктка DAF XF маркасындагы Казак Республикасынын жараны, 1992-жылы туулган  Ж.Б. башкарган автомашина келип токтогон. 

Чек ара тобу өлкөдөн чыгарылып жаткан жүктөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган нерселердин бар же жок экендигин текшерүү максатында карап жатканда, жүктөрдүн арасынан кыргыз (орус) тилдериндеги аннотациясы жана акциз маркасы жок 126 куту корея өндүрүшүндөгү парфюмерияны табышкан.

Андан тышкары, айдоочуда жүккө толтурулган узатуучу документтер да жок болуп чыккан. 

Табылган мыйзамсыз жүктүн жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашык болгон. 

Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган адам жана жүк мобилдүү топтун кызматкерлерине - Кыргыз Республикасынын СМКнын жана ЭКККМКнын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген. 

 

 КР МЧАКнын коомчулук жана ЖМК 

менен байланыш боюнча бөлүмү 

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх