Жалал-абад облусунда 11 жаштагы баланы байлап алып жана бычактап өлтүрүшкөн
Өспүрүмдүн колу жана буту скотч менен оролгон экен. Сөөктү кире бериштен табышкан
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы бала өлтүрүлгөн. Бул тууралу Vesti.kg сайтына облустук ИИБнен кабарлашты.
- Баланы үйдүн кире беришинен табышты, анын колу жана буту скотч менен оролуп, денесинде бычак урулган көптөгөн жаракаттар болгон, - деп маалымат беришти милициядан.
Факт КЖБРне КР ККнин "Адам өлтүрүү" 130-беренеси боюнча катталды. Керек болгон бардык далилдер алынып, экспертизага берилди. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз