Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчисинин аялынын сөөгүн табышты  

100 ашык куткаруучулар Молдакун Абдылдаевдин уулунун сөөгүн издешүүдө 

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчисинин аялы Тинатин Шадыканованын сөөгүн мурдараак табышкан. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР ӨКМнин пресс -кызматынан кабарлашты. 

- Анын уулунун сөөгүн дагы деле издеп жатышат, - деп кошумчалашты ал жактан. - Издөөгө 100дөн ашык куткаруучулар катышып жатышат. ӨКМден өкүлчүктүн аппаратынын башчысы Молдакун Абдылдаевдин аялынын сөөгү кечээ 17:20да  Көкөмерен дарыясынан Арал айылынан эки километр ылдыйдан табылды деп айтышты.  

4-июлда куткаруучулар 8 жаштагы небересинин сөөгүн табышкан, ал эми эки күн мурда - Молдакун Абдылдаевдин өзунүн жана айдоочусунун сөөктөрү табылган.

30-июнда Көкөмерен дарыясына Ssang Yong Kyron маркасындагы автомашина кулап кеткен. Машинада  Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев, анын аялы Тинатин Шадыканова, ошондой эле уулу, небереси жана айдоочу болушкан. 

Көргөндөрдүн айтышкандарына караганда, машинанын айдоочусу машинаны башкара албай калып, тоого урунгандан кийин, автомобиль дарыяга кулаган. 

«Машина дарыяга кулагандан кийин, дарыянын агымы машинаны бир канча жолу ала салдырды, андан кийин агызып жөнөдү, - дешти алар. - Машинадан үчөө сыртка чыкканга аракет жасашты, кызыл футболкачан бала биз тарапка чыкканга аракеттенди, бирок, алкынган агымдан машина ташка урунуп, андар ары агып жөнөдү. Андан кийин машина үч-төрт  жолу суудан көрүнүп, кийинчерээк көздөн кайым болду».

Абдылдаевдин кызы Индира анын бир туугандары Суусамыр өрөөнүнө жөнөп кетишкендигин жана бир аз убакыт өткөн соң байланышка чыкпай калгандыгын айтып берди. 

Ольга Федорчук

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх