Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчисин өлтүрүүгө КР жараны буюртма бергенби? 

Кылмышты уюштурууга шектелген  «Замир» жакында эле колониядан бошогон деген кабар бар 

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовго кол салууну анын жердеши уюштурган. Бул тууралу «URA.RU» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып билдирген. 

Адам өлтүргүчтөрдү Кыргызстандык «Зама» деген лакап аттагы, кечээ жакында эле колониядан чыккан Замир жалдаган. 

«Ал карактоого байланышкан оор кылмышы үчүн бир канча жыл олтуруп чыккан, - деп «URA.RU» агенттигине айтып берди, Каримовдун жакын досу жана  жардамчысы Урмат Курманбаев. - Төрт же беш ай мурда эркиндикке чыккан. Ал Каримов менен тааныш болгон». Курманбаевдин айткандары боюнча, кыргыз тамырларына карабастан, «көргөзгүч» россиялык жаран болгон, бир канча жолу мекенине кайтарылууга аргасыз болуп, бирок, кайтарылбаган. «Азыр аны баары издеп жатышат» - деп белгиледи Каримовдун жардамчысы.

Мурдараак ЖМКлар күч органдары адам өлтүргүчтөрдү табышты деп кабарлашкан. 

«Алардын өздүгү такталды, бирок, дагы да так жана деталдуу маалыматтар жок», - деп «URA.RU» агенттигине Свердлов облустук улуттук - маданий бирикмелер Ассоциациясынын төрагасы Фарух Мирзоев билдирди. 

Каримовду өлтүргөндөр кармалды деп да талкууланууда, бирок, тергөөчүлөр ал маалыматты четке кагууда. 

«Шектүүлөрдү издөө мурдагыдай эле улантылууда», - деп Свердлов облусунун Тергөө комитетинин жетекчисинин улуу жардамчысы Александр Шульга билдирди.

Екатеринбургда 3 - июлда кыргыз диаспорасынын мурдагы лидери Камчыбек Каримовду өлтүрүшкөн. Россиялык ЖМКлардын маалыматтарына караганда, белгисиз бирөөлөр кыргызстандыкка анын үйүнүн жанында эки жолу ок чыгарышкан. Каримов ошол жерде каза тапкан. Анын «Таганский ряд» базарында соода кылганы жана өзүнүн бизнеси болгонуу маалым.

Каримов менен коштошуу 4-июлда болуп өттү. Кыргыз диаспорасынын мурдагы жетекчисин өз мекенинде - Ош облусунда жерге беришти. 

Фото www

 

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх