Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош базарында мурдагыдай эле,  элдерди «көчө казиносуна» азыгырышууда (видео) 

Милициялар чара көрүлөт дешүүдө. Бир жыл мурда ЭКККМКнан чара көрүүгө сөз беришкен, бирок, иштин жыйынтыгы боюнча эчтеке кабаралай элек.

Ош базарында кайрадан эле колдон жасалган жабдуулары менен «көчө казиносу» иштей баштады. 

Vesti.kg сайтынын окурманы билдиргендей, кумарпоз оюнчуларга ылайыкталган окшоштурулуп жасалган рулеткалар «Беш-Сары» соода борборунун жанына жайгаштырылган. 

«Үч стол турат, элдер акча сайышып, анан рулетка ойношот», - деп айтып берди видеонун автору.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан Vesti.kg сайтына, мыйзамсыз кумар оюндарынын ишмердүүлүгүн табуунун үстүндө мындан ары жаңы мыйзамдар  боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги алектенерин айтышты. 

Белгилеп кетсек, Ош базарындагы окшоштурулуп жасалган рулеткалардан 100 метр арыда, милициянын таяныч пункту жайгашкан.

Ошол эле учурда, эмне үчүн укук коргоочулар мыйзамсыз ишмердүүлүктү байкамаксандыкка алышууда жана көчө казиносунун уюштуруучуларына кандай жаза колдонулат, азырынча белгисиз. 

- Аталган факт боюнча текшерүү жүргүзүлөт, кийинчерээк маалымат беребиз, - дешти Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИББнын пресс - кызматынан. 

Эске салсак, «Көчө казиносу» борбордук базардын ичинде биринчи жолу эле байкалган эмес. 2018-жылдын 11-майында адамдар базарда рулетка ойношууда деп, Vesti.kg сайты билдириген. Ошол убакта финансылык полиция жана укук коргоо органдары чара көрүлөт дешкен, бирок, иштин жыйынтыгы тууралу кабар беришкен эмес.

Зулайка Эркимбаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх