Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө скутери менен жоголгон казакстандыкты издеп жатышат 

Ал суу мотоцикли менен көлгө чыгып, кайтып келген эмес. Достору тынчсызданып, чуу көтөрүшкөн

Казахстан жараны  Аркадий скутерде эс аламын деп Ысык-Көлдө жоголду. Милицияга арыз менен анын досу, ал дагы Алматыдан,  Александар кайрылган. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Ысык - Көл облустук ИИБнын маалымат катчылыгынан кабарлашты. 

- Александр өзүнүн арызында, 14-июлда 15:00 чамаларында Кара - Ой айылындагы «Алтын-Көл»  эс алуу үйүндө 1966-жылы туулган Казакстан жараны, анын досу Аркадий белгисиз жоголгондугун көрсөткөн, - деди маалымат катчысы Сталбек Усубакунов. - Аркадий ижарага скутер алып, көлгө чыгып келүүгө кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес. 

Бир сааттан кийин, Александр жана скутердин ээлери көлгө издөөгө чыгышып, бирок, көлдө күчтүү толкундар болуп жатканынан издөөнү токтотушкан. 

Аталган факт Ысык-Көл районунун ИИБнын электрондук каттоо журналында катталган. Азыркы учурда милиция ӨКМдин кызматкерлери менен биргеликте жоголгон адамды издеп жатышат. 

Эльдос Казыбеков 

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх