Нарын облусунда күчтүү жарылуу болду (видео)
- 1542 жолу кароо
Маалыматты текшерүү үчүн милиция комиссия түздү
Нарында күчтүү жарылуу болду. Түйүндө таркатылган видеонун автору ушинтип айтты.
«Чоң жарылуу кытайлыктарда болду, - деди кадрдын артындагы үн. - Балдар коркуп кетишти. Жаныбарлар өлүп жатышат. Көрдүңүздөрбү, ошол жарылуунун аркасынан тоо көрүнбөйт. Кытайлыктар жардырышыты. Эмне болгон жарылуу? Эл жөнүндө эч ким ойлонбойт».
Нарын облустук ИИБнан Vesti.kg сайтына болгон окуя тууралу билише тургандыктарын айтышты.
- Ал кечээ күнү болгон, - дешти ал жактан. - Болжол менен Солтон-Сары айылына жакын жерде. Аталган факт боюнча комиссия түзүлүп, Солтон-Сарыга текшерүү үчүн кетишти. Калган маалыматтарды кийинчерээк билдиребиз.
Медина Купсулдаева
Фото www