Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө жоголгон казакстандык тирүү. Анын жоруктары тууралу кеңири (фото)

Ал милицияга скутердин чөгүп кеткендигин, өзү болсо, көлдүн түштүк жээгине сүзүп чыккандыгын айтып берди

Бир канча күн мурда Ысык-Көлдө жоголгон 53 жаштагы казакстандык кечээ кечинде өзү эс алып жаткан пансионатка кайрылып келди. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына Көл облустук ИИБнын маалымат кызматынан кабарлашты. 

- Ал түштүк жээкке барып калганда, ижарага алган скутери чөгүп кеткенин айтып берди, - дешти ал жактан. - Казакстандыктын айтымында, ал кайра пансионатка такси менен кайтып келген. Окуянын кеңири баяны бүгүн белгилүү болот. Кечээ күнү ал аябай чарчаган эле, биз аны эс алсын дедик. 

Казахстандыкты эки күн бою ӨКМдин жүздөн ашык куткаруучулары жана милиция издешкен. Издөө иштерине 12 жеке менчик кайыктарды жана самолет - амфибияны тартышкан.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх