Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Солдаттарды токмоктоого шектелген аскер кызматкерлерин, кызматынан четтетишти 

Бирок, аларды толук тогуз ай токмоктоп турушкан деген сөздөр, иликтөөдө азырынча тастыктала элек

Аскер аба күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн солдаттарды токмоктоого шектелген ага лейтенантын жана старшинасын  кызмат милдеттерин аткаруудан четтетишти. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР КК Башкы штабынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мурдараак ата-мекендик ЖМКындан аскер кызматкерлери солдаттарды дубинкалар менен тогуз ай бою токмоктошконун кабарлашкан, бирок, бул маалыматты аталган мекемеден тастыкташкан эмес.  

- Биз ошондой болгон деп айта албайбыз, себеби, учурда кызматтык текшерүү жүрүп жатат, - деп түшүндүрүштү ал жактан. - Бул окуя тууралу иликтөөлөр КР КК Башкы штабынын жетекчилигинин  көзөмөлүнө алынган. Ошондой эле табылган фактылардын негизинде Бөлүктүн штабынын жетекчиси Ж.Кнын чет өлкөдөгү академияга окууга баруу жолдомосу жөнүндөгү чечим кайра артка кайтарылды. 

Иликтөө толук аягына чыккандан кийин, бардык материалдар Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына жөнөтүлөт. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх