Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарын облусундагы ЖТК: Экөө каза таап, он адам ооруканага жеткирилди

Жабыр тарткандардын бири - 2018-жылы төрөлгөн кыз 

«Ниссан Цефиро» жана «Тойота Ипсум» маркасындагы автомашиналар Нарын облусундагы Нарын - Баетов автожолунда кагылышты.  Бул тууралу Vesti.kg сайтына аймактын ЖКККБнын маалымат катчылыгынан кабарлашты.  

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча жол транспорт кырсыгынан эки адам каза таап, он адам жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. 

- 1965-жылы туулган аял менен 2018-жылы төрөлгөн кыз каза болгон, - деп милициядан маалымат беришти. - Жабыр тарткандарды Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы ооруканаларга жеткиришкен. 

Жол транспорт кырсыгы кечээ саат 09:00 чамаларында болуп өткөн. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх