Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция «13 жаштагы кызга» тийишип асылган адамды жазалайт

Телефон баскынчысын кандай жаза күтөт, ИИББдан такташкан жок 

ИИББ  «13 жаштагы кызга» байланыштуу белгисиз адам тарабынан онлайн - тийишип асылгандыгынын фактысы боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралу Vesti.kg сайтына маалымат кызматынан билдиришти.

- Биз сөзсүз түрдө бул адамга карата чараларды көрөбүз, - деп белгилешти ИИББнан. 

Кандай жаза чарасын колдонушат, борборубуздун милициясы айтышкан жок.

Тийишип асылгандыгы жөнүндө материал жарыкка чыккандан кийин  Vesti.kg сайтына ИИМдин маалымат кызматынын башчысынын орун басары кайрылып, белгисиз адамдын ыксыз тийишүүсүнө кабылган окурманыбыз менен байланыштырууну өтүнгөн. 

Эске салсак,  Vesti.kg сайтынын  редакциясына белгисиз адам тарабынан онлайн - тийишип асылууга кабылган жаш жигит кайрылган. Бир адам кыргызстандык телефон номери менен ал жигитке WhatsApp аркылуу жазып, саламдашкандан кийин эле секс сунуштаган. Мүмкүн, белгисиз адам аял жынысынын өкүлү менен сүйлөшүп жатамын деген ойдо сүйлөшүү уланылат деп эсептеген. 

Бул оюнга чындап киришип алган окурман, сүйүүнү түз издеген адамды коркутуп коюуну ойлоп, өзүн чындыгында эле 13 жаштагы Алина аттуу кызмын, мага болгону 13 жаш деп жооп берген. 

Жаш жигитти таң калтырып, белгисиз адамды бул жооп кайдыгер калтырган. Ал андан ары жолугушууну  сурана берген. Бир канча аудио билдирүүдөн кийин, ал адам гениталийдин сүрөтүн жөнөткөн жана ошол эле ракурста селфи менен жооп берүүнү талап кылган.

Белгилеп кетүү абзел, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 164 - беренеси боюнча жыныстык катнаш жана 16 жашка жетпегендер менен башка сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жети жарым жылдан он жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат.

165 - беренеде айтылат,  он алты жашка жетпегендер менен күч колдобостон  «бузуку аракеттерге барган» адамдарга карата беш жылдан жети жарым жылга чейинки эркинен ажыратуу каралган. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх