Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Автомобил Бишкектеги ачык люктун аркасынан эки жолу аласалдырды  (видео)

ЖКККББ адистерге жолдордогу бардык люктарды текшерип чыгууну тапшырды 

Жолдун ортосундагы люктун ачык калгандыгынан автомобиль эки жолу аласалдырып кетти. Бишкектеги ЖТКын Facebook колдонуучусу өзүнүн баракчасына жайгаштырган. 

Ал кырсык 2019-жылдын 25инен 26сына караган түнү Садыгалиев көчөсүндө болгондугун көрсөткөн.

«Садыгалиев көчөсү боюнча машина жабылбаган люкка кабылган, - деди шаардык жаран. - Люк жөн эле тегерете бутактар жана түтүктөр менен тосулуптур. Оң рулдуу «Одиссей» - машинасы - аласалдырып кетти. Айдоочуну жаракаттары менен ооруканага жөнөттүк. Машина мына ушундай абалга туш болду. Биздин жол кызматтары люкту жаап коюуну ойлоруна алышпаптыр».

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыгынан Vesti.kg сайтына, көйгөйдүн чечилиши боюнча иштер жүрүп жатат деп жооп беришти.  

 - ЖТК катталган, - дешти ал жактан. - Жабыркаган бир адам бар. Жолдордогу ачык люктардын бардыгын карап чыгуу боюнча адистерге тапшырма берилди. Мэрияга билдирүү-корутунду берилет.

 Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх