Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ачык калган люктардын аркасынан эки авто сүйүүчү машиналарына зыян келтирип алышты (видео)

Жол транспорт кырсыгына түрткөн ачык калган люктардын Садыгалиев көчөсүндө көп экендигин жаран айтып берди

Бир канча күн мурда Бишкекте ачык калган люктун аркасынан, автомашина аласалдырган. Бул тууралу жакында  Vesti.kg сайты кабарлаган. Айдоочу ооруканага жаткырылган.

Бишкектин ЖКККББ бардык ачык калган люктарды текшерип чыгууга сөз берген, бирок, бул ишти алар мурда эле жасашы керек болчу: Vesti.kg сайтына Азиз аттуу жаран кайрылып, Садыгалиев атындагы көчөдө ал дагы, ошол эле айдоочу сыяктуу, андан бир жума мурда, ошондой эле абалга тушукканын кабарлаган.

- Мен дагы ошондой эле абалга тушуктум, - деди Азиз. - 17-июлда люкка кабылдым. Жабыркагандар жок. Болгону материалдык зыянга учурадым: машинанын дисктери кыйшайып, эки шинам айрылды. Окуя болгон жерден видеого тартып алдым. Бирок, люк ачылып калган эмес эле, темир менен жабылып, а учу кыйшайып, тик карап калган экен. Темирдин жоондугу бир-эки сантиметрдей. Кыйшайып көтөрүлүп калган жери, эгерде, жаңылбасам, 10 сантиметрдей. Люкка кирген темирдин бурчу таяныч катары болгон. Ошол жердеги ачык калган люкка чейин, аң сыяктуу, асфальттан деңгээлинен төмөн жайгаштырылган башка люктар да орун алган.

Ал ошол эле жерде башка дагы бир автомашинанын да кырсыкка учураганын кошумчалады. 

- Мен машинамды Мурманск көчөсүндө калтыргам, - деп айтты ал. - Бир - эки сааттан кийин машинамды алып кетүүгө бардым. Өтүп бара жатып, машина жана айдоочусун көрдүм. Автомобилдин арткы дөңгөлөктөрүнүн көрүнүшү мен  тушуккан абалдагыдай көрүнүштү эске салды: диск кыйшайып калган, шиналар айрылган. Жабыркагандар жок. 

Мына, башка машинанын дөңгөлөктөрү:

здесь будет фото

Медина Купсулдаева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх