Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин чокусунда орусиялык жоголгон альпинистин сөөгүн табышты 

Альпинист 6 миң метрден ашык бийиктикте каза болгон 

Кечээ куткаруучулар,  Ленин чокусунда жоголгон орусиялык альпинистин сөөгүн 6200 метр бийиктиктен табышты. Бул тууралу Vesti.kg сайтына КР ӨКМдин маалымат катчылыгынан кабарлашты.  

- Бүгүн эрте менен куткаруучулар менен альпинистер сөөктү ылдыйга түшүрө башташты, - дешти ал жактан. - Анын сөөгүн 4400 метр ылдыйда жайгашкан биринчи лагерге алып түшүшкөн. Эми болсо, анын сөөгүн 3800 метр ылдыйдагы экинчи лагерге түшүрүп жатышат. Кошумча маалыматтарды кийинчерээк кабарлайбыз.  

Эске салсак, 26-июлда  Ленин чокусунда, 1974-жылы туулган И.И аттуу Орусиянын жараны жоголгон. Издөө иштерине 10 куткаруучуну жана «Ак-Сай-Трэвел» туристик компаниясынын альпинистерин тартышкан.  

Жоголгон адам, Орусия Федерациясынын ИИМнин борбордук аппаратынын генерал-майору болушу мүмкүн экендиги тууралу божомолдор бар.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх