Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Трансгендер кыздарга бычак менен төрт эркек кол салды (видео) 

Жабыр тарткандар 102ге телефон чалышкан, а милиция болсо, окуя болгон жерге келишкен эмес 

Бишкекте төрт жигит, милиция кызматкерлерибиз деп өздөрүн таанышытырып, трансгендер кыздардын квартирасына жулунуп киришип, аларды бычак менен коркутушкан. Бул тууралу жабыркагандардын бири - Лола Vesti.kg сайтына айтып берген. 

Анын айтымында, ал жана анын курбулары секс-кызматтарды көрсөтүшөт. 

Ушул жылдын 27-июлунда кыздардын квартирасына алардын бири, кардар катары кирген. 

- Андан соң, ал өзүнүн шериктерине эшикти ачып берген, - деп айтты Лола. - Алар Ленин райондук ИИБнүн кызматкерлери болобуз дешип, кийинип, сыртка алар менен бирге чыгууну талап кылышкан. Биз аларга кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүнү талап кылдык, алар күбөлүктөр машинада деп жооп беришти. Эмнеге бизди бөлүмгө алып кетип жатасыңар деген сурообузга, алар жооп берүүдөн баш тартышты. Ошол эле учурда, биз, Биринчи Май районунда жашайбыз. 

Андан тышкары, алар кадимки жарандар кийген кийим менен кийинишкен. Кыйкырышып, айтышып жатканда, Лоланын айтымында, «кызматкерлердин» бири ашкана бычагын колуна алган. 

- Мен 102ге чалдым, биз башаламан түшүп жатканбыз, - деп бөлүштү ал. - Милициядан биздин дарегибизди деле сурап коюшкан жок жана окуя болгон жерге келишпеди. Бирок, биздин аларга кайрылгандыгыбыз, алардын экөөсүн коркутту жана алар качып жөнөштү. Калган экөөнү биз видеого тартып калганга үлгүрдүк. Кийинчерээк, таанышым алардын бирин тааныды: ал, анын телефонун уурдап алган жана ошондой эле, мурда соттолгон адам. 

Трансгендер кыздар баары бир милицияга арыз жазышкан. 

- Биз, «Кыргыз Индиго» МЭУна телефон чалдык, алар келишип, бизге коркунуч жок экендигине ишенишкенден кийин, өздөрүнүн машинасы менен Биринчи Май ИИБнө жеткиришти, - деп улантты Лола. - Милицияда да биз, укук коргоочулардын жактырбаган мамилесине тушуктук. Алардын бир курбумдан кыргызсыңбы деп сурады. Биз түшүнбөдүк, бул жерде улуттубуздун кандай тиешеси бар. Коридордо болсо, кызматкерлер биздин үстүбүздөн күлүп жатышты. Тергөөчү компетентүү экен, арызды кадыресе кабыл алды, басым жасаган жок. Бирок, ал бизди дүкөнгө, А4 кагазын алып келүүгө жөнөттү, өзүндө түгөнүп калыптыр.  

Аталан факт боюнча, Биринчи Май райондук ИИБдө сотко чейинки иликтөөлөрдү  башташыптыр. 

- Материалдарды «ээнбаштык» катары каттадык, - деди жооп берген кыз. - Кол салгандардын бирин кармадык. Мага белгилүү болгондой, ал мурда соттолгон жана эркинен ажыратылган жерден качып кеткен. 

Жыйынтыктап жатып, Лола, трансгендер кыздардын укук сакчылары тарабынан тез-тез кордоого тушуккандыгын кошумчалады. 

- Милиционерлерге тренинг өткөрүп, трансгендер кыздар кандай экендиги тууралу түшүндүрүшсө, өтө жакшы болмок эле, - деп белгиледи ал. - Жана, аларга биз кантип паспорт алабыз, эгерде кылмыш жасалган болсо, улуттун мааниге ээ эмес экендигин түшүндүрүшсө да жакшы болмок. Кээде ушундайлар болуп калат, керек болсо, арызыбызды да кабыл алганды каалашпайт.  

Зулайка Эркимбаева

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх