Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлиги: Чүй облустук ИИББнын башчысынын абалы мурдагыдай эле өтө оор

Самат Курманкулов дагы деле комада 

Чүй облустук ИИББнын башчысы Самат Курманкулов мурдагыдай эле комада жатат. Бул тууралу  Vesti.kg сайтына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

- Самат Курманкуловдун абалы өтө оор бойдон калууда, - деп айтышты ал жактан. Азыркы учурда комада болууда. Ал ушул тапта №4 Бишкек шаардык клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өпкөнү жасалма желдендирүү аппаратына  жалгаштырылган. 

Чүй облустук ИИББнын башчысы кечээ Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда баш мээсинен жабык травма алган, баш мээси чайкалган жана  баш мээсине оор даражадагы жаракат келтирилген. 

Эсиңиздерге салабыз, 2019-жылдын 7-августунда кечинде КР УКМКнын жана милициянын кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурм менен алышкан. Ички иштер министрлигинен, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна мурдагы мамлекет башчысынын катыштыгы бар экендиги такталды деп билдиришти. 

Мурдагы президенттин тарапташтары таштар менен куралданышып, каршылык көрсөтүшкөн. Бир канча укук коргоочулардын куралдарын тартып алышкан. 

Медина Купсулдаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх