Саламаттыкты сактоо министрлиги: Абдиль Сегизбаев санынан жаракат алды
УКМКнын мурдагы башчысы Бишкектин №4 шаардык ооруканасынын амбулаториясында дарыланууда болду
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдиль Сегизбаев Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын штурмалоо учурунда жаракат алды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен Vesti.kg сайтына КР УКМКнин мурдагы башчысы амбулатордук дарыланууда болгондугун тастыкташты.
- Мекемеден билдиришкендей, амбулатордук дарылоодон, учурда 4 адам өтүп жатат, - дешти ал жактан. - Алардын арасында Абдиль Сегизбаев да бар. Ал анчалык деле жаракат алган эмес - санынан жаракат алган. Кошумча маалыматтарды кийинчерээк кабарлайбыз.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз