Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина айткан жигит, каза тапкан экен. Анын денесин эксгумация жасашы мүмкүн 

Курманбек уулу Миржан чындыгында октон каза тапкан. Бирок, атасы түшүндүргөндөй, Кой-Ташта атайын кызматтын адамдары эмес, аңчылык маалында уулу капыстан өзүнө жаракат келтирип алган

Курманбек уулу Миржан аттуу жаш жигит, Ирина Карамушкинанын маалыматы боюнча, Кой-Таштагы окуяларда атайын кызматтын кызматкерлеринин колунан каза тапкан делген менен, чындыгында көз жумган. Бирок, бул окуя Суусамырда болуп өткөн. 

Ички иштер министрлиги аталган маалыматты өзгөчө кылдаттык менен текшерүүнү жүргүзгөн. 

Акыркы алынган маалыматтар боюнча, Курманбек уулу Миржан, 1996-жылы туулган, Суусамыр өрөөнүндө капыстан болгон окуянын жыйынтыгында каза тапкан жана 2019-жылдын 11-апрелинде жерге берилген. 

Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Шабданов Курманбек аттуу жаран, каза болгон жигиттин атасы, төмөндөгү фактыларды айтып берди: 

8-август күнү Курманбек уулу Миржан, өзүнө катталган 12-калибрдеги мылтыкты алып, Суусамырга аңчылыкка жөнөгөн. 9-август күнү тоодогу аңчылык маалында, Миржан капыстан өзүнүн бутуна мылтыктан ок атып алган. Аны тоодон бул жакка алып келгенге чейин көп убакыт өтүп,  кан көп кетип калыптыр жана анын жыйынтыгында жолдо каза тапты. 

Кийинчерээк билингендей, 11-август күнү ал Талас районунда жерге берилген, бирок, күтүүсүз окуя жана жаш жигиттин өлүмү жөнүндө анын туугандары укук коргоо органдарына кабарлаган эмес.

Азыркы учурда аталган факт боюнча КББРине катталган. Алдын ала текшерүүлөр Жайыл жана Талас райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери кээ бир туугандары менен айылдын жашоочуларын сураштырды. 12-калибрдеги мылтык Курманбек уулу Миржанга катталгандыгы аныкталды. 

Болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө. Ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине ылайык денени эксгумация жасатуу тууралу маселе каралып жатат.

ИИМдин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх