Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КОСУнин окутуучусунун студент кыздарга карата сексуалдык ыдык көрсөткөндүгү тууралу мүмкүн болгон иш токтотулду 

Тергөөчү Денис Брусиловскийдин аракеттеринде кылмыштын курамын тапкан эмес 

Милиция, сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелген КОСУнин окутуучусу Денис Брусиловскийге карата козголгон ишти кыскартты. бул тууралу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ИИББнын маалымат кызматы кабарлады. 

- Тергөөчү кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу ишти токтотту, - деп белгилешти ШИИББнан. - Иш сотко чейин жеткен жок. 

Эске салсак, 2019-жылдын февраль айында @anti.krsu инстаграм-аккаунту божомол менен КОСУнин дин таануу окутуучусу Денис Брусиловский менен студент кыздардын ортосунда сексуалдык тексти камтыган скриншот жазышууларды жарыялаган. 

Бир канча күн өткөндөн кийин, КОСУнин дүйнөлүк маданиятты жана диндерди изилдөө боюнча кафедра башчысы Юрий Подкуйко Vesti.kg сайтына, аталган окутуучу жазышуулар жарыяланганга чейин бир ай мурда университеттин жетекчилигинен сөгүш алгандыгын билдирген. 

Vesti.kg сайтынын редакциясы Брусиловскийдин мурда окуткан студент кыздарынын бири менен байланышканда, ал анын үчөө болуп секс менен алектенгенге сунуштаганын айткан. Бирок, ал анын мындай аракетин айыптаганга аракет жасаган эмес жана ага карата «агрессия жана басым» жасабоого чакырган.

2019-жылдын 28-февралында ага карата 199 -жылы туулган М.Кдан арыз түшкөн. Брусиловскийдин өзү болсо, өзүнүнүн студенттерине карата эч качан уятсыз ыдык көрсөтпөгөндүгүн жана мүмкүн, анын телефонун өзүнүн окуучулары колдонгон деп  тактаганга аракеттенген. 

Эльдос Казыбеков

Фото www












Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх